"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...
Кийинки анекдот/апендини оку
Тажикстан: камактагы кыргызстандыктардын соту 16-июлда уланатТажикстанда камакта отурган кыргызстандыктардын соту 16-июлда уланат. Алар чек арадан мыйзамсыз өткөн деп айыпталууда. Дүйшөмбү шаарындагы тергөө абагында отурган төрт кыргыз жаранынын бири 9-июлда беш жылга камалган. Калган үчөөнүн иши 12-июлда жана 14-июлда каралмак. Бирок күбөлөр келбей калгандыктан сот 16-июлга жылдырылган. Алар үч ай мурун Тажикстанга туугандарына барганда Жерге-Тал районунда кармалышкан. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул маселе көзөмөлдө экенин билдирген.... 16.07.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31360324.html |
Loading...
|
Жарыялар |