Кыргызча анекдот / апенди:

Психолог кыз
Жигит бир кафеде отуруп маңдайында отурган кыз менен кантип сүйлөшүүнүн жолдорун ойлонуп жатты. Акыры өзүнө бекем туруп кыздын жанына барып:
- Кечиресиз чоң кыз, сүйлөшүп отурсам болобу? дейт
Кыз катуу кыйкырып:
- Уяты жок десе, мен сен ойлогон кыздардан эмесмин!
Элдин баары жигитке карап, жигит аябай уялып, кызарып ордуна барып отурат.
Бир канча мүнөт өткөн соң, кыз жылмайып жанагы жигиттин жанына келип:
- Кечиресиз, мен психология бөлүмүндө окуйм, адамдардын катуу уялган учурунда кандай мамиле кылуусун изилдеп жаткамын дейт.
Аябай жаны ачышып калган жигит да кыйкырып:
- Эмне, Бир түнгө 1000 долларбы? Сен жиндисинби?
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD69.6569.85
EUR77.5078.30
RUB1.1181.127
KZT0.18000.1850

обновление 16.01.2020 07:53:10

Якутия: өрттүн айынан аэропорт жабылып, кемелер токтоду

Орусиянын Якутия (Саха) аймагындагы токойлордун өрттөнүүсүнөн аба мейкиндиги түтүнгө чулганып, бийлик жергиликтүү аэропортту жапты. Учактарды кабыл алууну убактылуу токтотуп, Лена дарыясы аркылуу жүргөн кемелердин кыймылын чектеди. Бул тууралуу Сибирь.Реалии кабарлады. Абадагы коюу түтүндүн айынан Новосибирск, Иркутск, Москва жана Екатеринбург аба каттамдары токтотулду. Мындан сырткары бир нече жүргүнчүлөр жана жүк учактары дагы аэропортко коно албай, артка кайтканы кабарланды. Аба...


18.07.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31364878.html

 
Loading...

Жарыялар