Кыргызча анекдот / апенди:

Психолог кыз
Жигит бир кафеде отуруп маңдайында отурган кыз менен кантип сүйлөшүүнүн жолдорун ойлонуп жатты. Акыры өзүнө бекем туруп кыздын жанына барып:
- Кечиресиз чоң кыз, сүйлөшүп отурсам болобу? дейт
Кыз катуу кыйкырып:
- Уяты жок десе, мен сен ойлогон кыздардан эмесмин!
Элдин баары жигитке карап, жигит аябай уялып, кызарып ордуна барып отурат.
Бир канча мүнөт өткөн соң, кыз жылмайып жанагы жигиттин жанына келип:
- Кечиресиз, мен психология бөлүмүндө окуйм, адамдардын катуу уялган учурунда кандай мамиле кылуусун изилдеп жаткамын дейт.
Аябай жаны ачышып калган жигит да кыйкырып:
- Эмне, Бир түнгө 1000 долларбы? Сен жиндисинби?
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.7089.30
EUR94.6095.60
RUB0.9500.980
KZT0.13000.2050

обновление 28.04.2024 08:30:14

Туман арасынан суурулган сулуулар. Көлдөгү көчмөндөр модасынан 12 ирмем

Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" борборунда Көчмөндөр модасы – 2021 деп аталган эл аралык фестиваль өттү. Ага 20га чукул өлкөнүн мода тармагында иштеген дизайнерлери катышты.


21.07.2021 : sputnik.kg

источник: https://sputnik.kg/photo/20210721/1053283720/ysyk-koldogu-kochmondor-modasynan-12-irmem.html

 
Loading...

Жарыялар