Кыргызча анекдот / апенди:

карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD69.6569.85
EUR77.5078.30
RUB1.1181.127
KZT0.18000.1850

обновление 16.01.2020 07:53:10

Мугалимдердин 70-80% коронавируска каршы эмделди

Кыргызстандын билим берүү тармагында иштегендердин 54-80% коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу 2-августта Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча, бала бакчалардын кызматкерлери арасында COVID-19га каршы вакцина алгандар бүгүнкү күндө 80%, мектептерде 70-80%, кесиптик билим берүү мекемелеринде 60%, жогорку окуу жайларда 54,5% жетти. Кээ бир мекемелерде эмделгендер жамааттын 100% түзүүдө. Өлкөдө коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн жалпы саны...


02.08.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31389272.html

 
Loading...

Жарыялар