Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
Бишкек-Торугарт жолундагы кырсыктан үч адам каза болдуБишкек-Нарын-Торугарт автожолунун 50-чакырымындагы Ивановка айылында 20-августта жол кырсыгы катталып, үч киши каза болду. Алардын бирөө бир жаштагы наристе экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жолдун ортосундагы бетон тосмосун сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 3 адам (1 эркек, 1 аял, 1 жаш бала) дароо каза болуп, 3 адам жарадар болду. 2021-жылдын жети айында Кыргызстанда төрт миңге чукул жол кырсыгы катталып,... 21.08.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31421169.html |
Loading...
|
Жарыялар |