Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?
Кийинки анекдот/апендини оку
Сосновканын тоо этектеринде өрт чыктыБишкек-Ош жолунун 83-чакырымында, Сосновка айылынын тушундагы тоо этектеринде куураган чөп күйүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. "Өрт тууралуу маалымат келип түшөр менен саат 17:43тө өрт өчүрүүчү автоунаада төрт куткаруучу жерине чыгып кеткен. Ал жер бийик тоолуу болгондуктан кечинде иш жүргүзүү мүмкүн эмес. Ошондуктан төрт куткаруучу өрттү көзөмөлгө алып турат. Өрт толук өчө элек", - деп айтылат анда. 7-сентябрда Чоң-Кемин... 08.09.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31450482.html |
Loading...
|
Жарыялар |