Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
COVID-19: Италияда кызматкерлерден саламаттык тууралуу документ талап кылынатИталия мамлекеттик жана жеке мекемелердин кызматкерлерге жумушка келгенде коронавируска байланыштуу ден соолугунун абалы жөнүндө документти милдеттүү түрдө көрсөтүүнү милдеттендирди. Кызматкер андан баш тартса, акы төлөнбөгөн эс алууга жөнөтүлөт. Италия мындай катаал эрежелерди киргизген Европадагы алгачкы өлкө. 15-октябрда күчүнө кирген токтомго ылайык, жарандар жумушка келгенде коронавируска каршы эмделгени тууралуу документ, оорубаганын далилдеген тесттин жыйынтыгы же ооруп бүткөнү... 17.09.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31464684.html |
Loading...
|
Жарыялар |