Кыргызча анекдот / апенди:

"КУДАЙ БУЮРСА"
Кайсы бир өткөн замандарда такырле Кудайга ишенбеген бир күйөө сөрөй болуптур. Кечки тамак. Аялы аябай берилип манты жасап, 5-10 мүнөт жакшылап бууланып бышсын деп, … өзү дасторконду даярдап кирет. Ангыча ары жактагы күйөөсү дасторконго жетип келип “ай мантың быштыбы,.алпкеле берчи батыраак!!” дейт. Аялы: Кое тур эми кудай буюрса 10 мүнөттө бышып калат” деп жооп узатат. “Эй...апкеле берчи,..кудай буюрса, буюрбаса деле жечү мантыны жей берем,..алып кел эми!” деп ороңдойт күйөөсү. Жолдошунун мүнөзүн түшүнгөн аялы мантыны алып келет, күйөөсү бир мантыны колго алып эми оозго сала берээрде эшиктин конгуроосу шынгырайт да, менттер келип кайсы бир кылмышка тиешеңиз бар экен деп аялдын күйөөсүн ой-боюна койбой алып кетишип, түрмөгө 3 ай жатып чыгат. Түн. Аялы өзү жалгыз үйдө олтурат. Эшиктин конгуроосу угулат. Аял эшиктин жанына басып барып: “Ким бул?” десе, сырттан күйөөсүнүн үнү угулат: Кудай буюрса , мен сенин күйөөң болом...
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.30
EUR94.4095.40
RUB0.9450.970
KZT0.14000.2050

обновление 29.04.2024 02:50:18

Бишкекте жол кире 1-ноябрдан тартып көтөрүлөт

Бишкек шаардык кеңешинин бүгүн, 28-сентябрдагы токтому менен борбор калаадагы коомдук транспортто жүрүү акысы кымбаттады. Ага ылайык, троллейбуста жана автобуста жүрүү акысы - 11 сом, ал эми маршруттук кичи автобустарда жүрүү акысы - 15 сом болот. Жол кире 1-ноябрдан тартып кымбаттайт. Мэрия Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташууга кеминде 1,5 миң автобус зарыл экенин белгилеп келет. Ушул тапта Бишкек шаарында 75 автобус, 120 троллейбус каттамга чыгат. Муниципалдык транспорттон тышкары "Шыдыр...


28.09.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31481992.html

 
Loading...

Жарыялар