Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?
Кийинки анекдот/апендини оку
Пакистандагы жер титирөөдөн кеминде жыйырма киши каза болдуПакистандын Белужистан провинциясындагы жер титирөөдөн кеминде жыйырма киши каза болуп, дагы жүздөйү жараат алды. Расмий органдар Пакистандын түштүк-батышындагы кырсык таңга жуук болгонун кабарлады. Провинциянын табигый кырсыктар менен күрөшүү башкармалыгынын башчысы Насир Насар курмандыктардын саны өсүшү мүмкүн экенин билдирди. Кыйроого Харнай шаары көбүрөөк учурады. Учурда шаарга аскер жана жарандык куткаруучулар жөнөтүлдү. Жолдор бузулуп, байланыш үзүлгөндүктөн куткаруу иштери... 07.10.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31496956.html |
Loading...
|
Жарыялар |