Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?
Кийинки анекдот/апендини оку
Спектакль менен башталып. Ысык-Көлдө милиция кызматкерлерине арналган майрамдык иш-чара болуп өттүБүгүн, 1-ноябрь күнү Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 97 жылдык салтанатына арналган майрамдык иш-чара болуп өттү 01.11.2021 : www.super.kg источник: https://www.super.kg/kabar/news/383983/ |
Loading...
|
Жарыялар |