карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Глазгодо климаттык саммит - СОР26Шотландиянын Глазго шаарында БУУнун климаттык өзгөрүү боюнча конвенциясынын катышуучуларынын 26-конференциясынын алкагында эки күндүк саммит башталууда. Анын ишине катышууга 120 өлкөнүн лидерлери лидерлери жана өкүлдөрү келди. 01.11.2021 : www.bbc.co.uk источник: https://www.bbc.co.uk/kyrgyz/articles/cnrr2zpgj9lo?at_medium=RSS&at_campaign=KARANGA |
Loading...
|
Жарыялар |