Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.50
EUR94.5095.50
RUB0.9550.975
KZT0.14000.2050

обновление 28.04.2024 22:50:14

Эко-активист: Бугу, илбирс, аюу аткандардын актанганын уксаң жакаңды кармайсың

Сары-Челекте Кыргызстандын кызыл китебине кирген бугуну атууга шектелип жаткан адамдардын ок атуучу куралдары табылганы тууралуу айтылууда. Буга чейин корукчулар шектүү 4 киши бугуну союп жатканда үстүнөн чыккан эле.


05.11.2021 : www.bbc.co.uk

источник: https://www.bbc.co.uk/kyrgyz/articles/c9zz602138po?at_medium=RSS&at_campaign=KARANGA

 
Loading...

Жарыялар