"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...
Кийинки анекдот/апендини оку
Иликтөө: пандемияда витаминдүү эмес, калориялуу азыктарга басым жасалып калдыБириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Кыргызстандын Улуттук статистика комитети COVID-19 пандемиясынын кыргызстандыктардын турмушуна, азык-түлүк коопсуздугуна тийгизген таасири боюнча биргелешип жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялады. Анда пандемия аялуу тургундардын, өзгөчө шаар аймактарында жашагандардын азык-түлүк коопсуздугу жана туура тамактануусуна олуттуу коркунуч жаратканы белгиленген. "COVID-19га байланыштуу жакырчылык, азык-түлүк коопсуздугу жана... 15.11.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31562053.html |
Loading...
|
Жарыялар |