Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
Дүйнөдө медиага чабуул күчөдүБишкектин Биринчи май райондук соту “Кумтөр иши” боюнча айыпталып жаткан депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, абактан бошотту. Жогорку Кеңеш аларды кол тийбестиктен ажыратууга каршы добуш беришкен. “Клооп” 28-ноябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу протоколдор добушканаларда оңдолуп, кайра жазылган фактыларды аныктады. Журналисттерди коргоо комитети 2021-жылы дүйнө жүзү боюнча камалган жана каза тапкан журналисттердин саны буга чейин... 09.12.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31601554.html |
Loading...
|
Жарыялар |