Кыргызча анекдот / апенди:

карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.50
EUR94.5095.50
RUB0.9550.975
KZT0.14000.2050

обновление 27.04.2024 11:20:12

"Чоң жети" Украинаны Орусиянын агрессиясынан коргойт

Жекшембиде Англиянын Ливерпул шаарында "Чоң жетиге" кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин саммити өттү. Дүйнөдө өнүккөн демократиясы бар жети мамлекеттин башкы дипломаттары Орусиянын Украинага жасаган агрессиясына каршы чогуу турууну макулдашты. Кремл буга чейин Украинага карасанатай планы жок экенин билдирген. “Чоң жети” тобуна кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Орусиянын Украинага каршы аскердик агрессиясы улана берсе, анын кесепети “өтө оор жана кымбатка...


13.12.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/chong-zheti-ukrainany-orusiyanyn-agressiyasynan-korgoyt/31605729.html

 
Loading...

Жарыялар