Кыргызча анекдот / апенди:

Психолог кыз
Жигит бир кафеде отуруп маңдайында отурган кыз менен кантип сүйлөшүүнүн жолдорун ойлонуп жатты. Акыры өзүнө бекем туруп кыздын жанына барып:
- Кечиресиз чоң кыз, сүйлөшүп отурсам болобу? дейт
Кыз катуу кыйкырып:
- Уяты жок десе, мен сен ойлогон кыздардан эмесмин!
Элдин баары жигитке карап, жигит аябай уялып, кызарып ордуна барып отурат.
Бир канча мүнөт өткөн соң, кыз жылмайып жанагы жигиттин жанына келип:
- Кечиресиз, мен психология бөлүмүндө окуйм, адамдардын катуу уялган учурунда кандай мамиле кылуусун изилдеп жаткамын дейт.
Аябай жаны ачышып калган жигит да кыйкырып:
- Эмне, Бир түнгө 1000 долларбы? Сен жиндисинби?
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD69.6569.85
EUR77.5078.30
RUB1.1181.127
KZT0.18000.1850

обновление 16.01.2020 07:53:10

УКМК "Түндүк" көмөкчордонуна жабдуу алуудагы мыйзам бузулганын аныктады

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) "Түндүк" көмөкчордонуна жабдуулар жасалма сатып алынганын аныктады. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди. Ага ылайык, Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын кызматкерлери "Түндүк" көмөкчордонун модернизациялоодо кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган. Тендердик шарттарга жана Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын бюджетине дал келбеген жабдууларды жасалма түрдө сатып алып жана...


15.12.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31609946.html

 
Loading...

Жарыялар