карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
19-декабрдын аба ырайы19-декабрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолорунда, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолорунда кар жаай, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 14…19; Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз 12…17; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында... 18.12.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31615123.html |
Loading...
|
Жарыялар |