Кыбыла кайда?
Айылда ага ини бир тууган балдар бар экен. Аябай шок экен. Бирөөнүн айнеги сынса, бирөөнүн бир нерсеси жоголсо бир туугандарды күнөөлөшөт экен.
Апасы элдердин арыздарына чыдабай, балдарын мечиттин имамына алып барат. Имам биринчи агасынан сурайт экен.
-Кыбыла кайда?
Агасы эч унчукпайт. Имам ачууланып кыйкырып сурайт
-Кыбыла кайда деп жатам!?
Агасы ыйлап качып жөнөйт. Иниси агасынан эмне болду деп сурайт.
Агасы:
- Башыбыз балээде, кыбыла жоголуптур, бизден көрүп жатышат.
Кийинки анекдот/апендини оку
Алматыда полиция 20дай адамды кармадыАлматыда полициянын атайын даярдыктагы отряды акын жана диссидент Арон Атабектин кыркылыгына чогулгандар кафеден чыкканда 20дай адамды кармап кеткени кабарланды. Кармалгандарды полиция атайын автоунаага салып, белгисиз тарапка алып кеткенин "Азаттыктын" казак кызматы активист Алдабергеновго таянып билдирди. Анын айтымында, кафеден чыгып келе жаткандар курчоого алынып, кармалган. Алдабергенов эскерүү иш-чарасынан бир аз эрте кетип, кармалбай калганын "Азаттыкка"... 03.01.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31637585.html |
Loading...
|
Жарыялар |