Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?
Кийинки анекдот/апендини оку
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Казакстан тууралуу билдирүүсү жарыяландыПарламент төрагасы Мустафа Шентоп менен Адилеттик жана өнүгүү партиясы, Жумурият элдик партиясы (CHP), Улутчул кыймыл партиясы (MHP) жана ИЙИ партиясы Казакстанга колдоо көрсөтүү билдирүүсүн жарыялады. 12.01.2022 : www.trt.net.tr |
Loading...
|
Жарыялар |