эшек
Апенди досун үйүнө чакырып коюп, унутуп кетип калат.
Досу келсе эч ким жок экен.
Ачуусу келген досу Апендинин дарбазасына чоооо-оң кылып "ЭШЕК" деп жазып кетиптир.
Эртеси базарда экөө жолугуп калышат:
- Апенди, кечээ үйүңө барсам эч ким жок экен, - дейт.
Анда Апенди:
- Билдим сенин келгениңди. Ырас атыңды дарбазама жазып кеткен экенсиң, - деген тура. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Өкмөт машинанын айнегин акы төлөп караңгылатуу сунушун көтөрдүЭкономика жана коммерция министрлиги жол кыймылына байланыштуу бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Анда республикалык бюджетти салык эмес кирешелердин эсебинен көбөйтүү чаралары каралган. Тактап айтканда, машинелердин алдыңкы эшиктериндеги терезелерди акча төлөп караңгылатууга (тонировка) уруксат берүү чаралары жөнүндөгү жоболор бар. Буга чейин Жогорку Кеңеште жана өкмөттө дагы автоунаалардын айнегин караңгылатууну мыйзамдаштыруу сунушу... 13.01.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31652173.html |
Loading...
|
Жарыялар |