Мен аракты таштадым
Бир адам дайыма бир барга барат экен, барганда барменден 3 бөтөлкө арак алып келдирип ичип турат экен,
Бармен бир күнү жанагы адамдан сурайт экен:
- Сиз эмнеге ар бир келгениңизде 3 бөтөлкө арактан ичесиз?
адам жооп берет экен:
- Биз 3 дос болчубуз, үчөөбүз үч тарапка кеттик, бир бөтөлкөнү өзүм үчүн, эки бөтөлкөнү да эки досум үчүн ичим жатам.
бир канча күндөн кийин, жанагы адам эки бөтөлкөдөн иче баштаптыр.
Бармен мунун бир досу өтүп кеткен турбайбы, эки бөтөлкөдөн иче баштаптыр деп ойлоп, адамдан сурайт экен:
- Аллах рахматы кылсын, бир досуңуз өтүп кеттиби?
анда адам жооп берет экен:
- Кудай сактасын, эки досум тең тирүү, мен аракты таштадым - дептир
Кийинки анекдот/апендини оку
Коронавирустан дагы үч киши каза болуп, 787 кишиден жаңы аныкталдыСоңку бир күн ичинде (23-январга карата-ред.) Кыргызстанда коронавирус 787 адамдан жаңы аныкталды. Саламаттык сактоо министрлиги вакцина албаган үч бейтап каза болгонун билдирди. Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары (512 адам). Чүй облусу – 154 Жалал-Абад облусу – 42 Баткен облусу - 29 Ысык-Көл облусу – 20 Талас облусу - 11 Ош облусу – 9 Нарын облусу - 5 Ош шаары - 5 Акыркы суткада 486 адам илдеттен сакайып чыкты. 1162 бейтап ооруканада, 7 миңдей адам үйүндө... 23.01.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31667116.html |
Loading...
|
Жарыялар |