Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.50
EUR94.8095.80
RUB0.9400.970
KZT0.14000.2050

обновление 30.04.2024 11:20:22

Украина : "Чоң масштабдуу кол салуу ыктымалдуулугу аз"

Украинанын коргоо министри Алексей Резников Россиянын өлкөсүнө кол салуу ыктымалдуулугуна баа берди.


18.02.2022 : www.trt.net.tr

источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/duino/2022/02/18/ukraina-chon-masshtabduu-kol-saluu-yktymalduulughu-az-1781202

 
Loading...

Жарыялар