Жума хутбасы
Имам жума хутбасында жамаатка кайрылып арак ичкендерди жемелеп жатты.
-Акчаңарды көчөгө чачасынар!
Пайда көргөн ким? арак сатуучу
Эң чоң дүкөн кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун үй кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун машине кимдики? арак сатуучунуку
Бул акчаны берген ким? Силерге окшогон акылсыздар!
Арадан эки жума өтүп, бир адам имамга келип, кучактап ыраазычылыгын билдирет
- Сиздин жума хутбасында айткан насаатыныз менен жашоом оңолду.
Имам өзүнчө ыраазы,
- Азаматсың, аракты таштагандын жакшылыгын акыретте да көрөсүң.
Адам имамды токтото калып:
- Мен аракты таштаган жокмун, Арак саткан дүкөн ачтым, дептир
Кийинки анекдот/апендини оку
Кыргызстанда Мекен коргоочулардын күнү белгиленүүдөКыргызстанда 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү белгиленүүдө. Бишкекте Жеңиш аянтындагы өчпөс отко гүл чамбар коюлуп, Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондор эскерилди. Ага Коргоо министрлигинин жетекчилери, ардагерлер жана шаар тургундары катышты. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды куттуктап, дүйнө улам жаңы коркунучтарга туш болуп жаткан учурда аскерлер ар кандай кырдаалга даяр болушу керек экенин билдирди. Жапаров өлкөнүн куралдуу күчтөрүн жакшыртууга аракет болуп жатканын... 23.02.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31718020.html |
Loading...
|
Жарыялар |