Кыргызча анекдот / апенди:

Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.

Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы


Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.50
EUR94.7095.70
RUB0.9500.970
KZT0.14000.2050

обновление 27.04.2024 19:35:17

Орус аскерлери Харьковго кирип келгени кабарланууда

Бул тууралуу Украинадагы УНИАН маалымат агенттиги Харьков облусунун башчысы Олег Синегубовго шилтеме кылып жазды. Маалыматта "украин жоокерлери оккупанттарды тазалоого аракет кылып жатканы, облус башчысы жайкын тургундары көчөгө чыкпай турууга чакырганы" айтылат. Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматты ырастай элек. Социалдык тармактарда орусиялык аскерлер Харьковго киргени тартылган деген видеолор тарай баштады. Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. Үч...


27.02.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31725924.html

 
Loading...

Жарыялар