Алтын цепочка
Аялы күйөөсүнө түш көргөнүн айтып берип жатат.
-Сүйгөнүм! Сонун түш көрдүм!
-Кандай түш?
-Сен иштен келе жатып кичинекей бир пакет менен келдиң.
Мен толкунданып пакетти ала коюп, дароо ачтым.
Ичинен алтын цепочка чыкты. Муну кадай жорусак болот?
Күйөөсү жылмайып:
-Бираз сабыр кылып тур, эртең кечинде билесиң дейт.
Эртеси кечинде күйөөсү кичинекей бир пакет менен үйүнө келет.
Аялы аябай кубанып, толкунданып пакетти ала коюп ачат.
Пакеттин ичинде бир китеп болот, үстүндө "ТҮШ ЖОРУУ" деген жазуусу бар.
Кийинки анекдот/апендини оку
Евробиримдик Украинага курал-жабдык сатып беретЕвробиримдик өз тарыхында биринчи буга чейин болуп көрбөгөндөй кадамга барып, Украинага курал-жабдык сатып берүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу 27-февралда шаркетке мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин белгилүү болду. Бул деген Украинанын куралдуу күчтөрүнө миллиондогон еврого абадан коргонуу, танктарга каршы системаларды жана башка аскердик техниканы сатып берүү дегенди билдирет. Ошондой эле бул планга коргонуучу, медициналык каражаттар, күйүүчү-майлоочу майларды... 28.02.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31726880.html |
Loading...
|
Жарыялар |