Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?
Кийинки анекдот/апендини оку
COVID-19: Түркияда чектөөлөр алындыТүркияда коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөр алынды. Бул тууралуу 2-мартта Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа билдирди. Министр тыкыр көзөмөлгө алынган беткап эрежеси алынганын, коомдук ачык жайларда беткапсыз жүрүүгө уруксат берилгенин кабарлады. Бирок жабык имараттарда жана транспорттордо беткап эрежеси сакталат. Фахреттин Кожа коронавирустун белгилери байкалбаган бейтаптардан ПЧР-тест талап кылынбай турганын кошумчалады. Ошондой эле, чектөөлөрдүн алынышы... 03.03.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31733634.html |
Loading...
|
Жарыялар |