Кыргызча анекдот / апенди:

Жума хутбасы
Имам жума хутбасында жамаатка кайрылып арак ичкендерди жемелеп жатты.
-Акчаңарды көчөгө чачасынар!
Пайда көргөн ким? арак сатуучу
Эң чоң дүкөн кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун үй кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун машине кимдики? арак сатуучунуку
Бул акчаны берген ким? Силерге окшогон акылсыздар!
Арадан эки жума өтүп, бир адам имамга келип, кучактап ыраазычылыгын билдирет
- Сиздин жума хутбасында айткан насаатыныз менен жашоом оңолду.
Имам өзүнчө ыраазы,
- Азаматсың, аракты таштагандын жакшылыгын акыретте да көрөсүң.
Адам имамды токтото калып:
- Мен аракты таштаган жокмун, Арак саткан дүкөн ачтым, дептир
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD89.1089.72
EUR96.5097.50
RUB0.9901.015
KZT0.13500.2050

обновление 29.01.2024 08:40:21

Кыргызстанда бүгүн кезектеги эл каттоо жараяны башталууда

Бүгүн 25-мартта Кыргызстанда элди жана турак жайды каттоо жараянынын биринчи этабы башталат. Ал 3-апрелге чейин уланат. Ал эми каттоонун экинчи этабы алыскы тоолуу райондорду камтыйт. Бул өнөктүк 23-апрелде башталып, 2-майда жыйынтыкталат. Мамлекеттик масштабдагы каттоо өлкө аймагында жашаган калктын расмий санын аныктоо үчүн он жылда бир жүргүзүлөт. 2019-жылга пландалган каттоо коронавирус пандемиясына байланыштуу быйылкыга которулган. Атайын даярдыктан өткөн каттоочулар он күн бою...


25.03.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31769643.html

 
Loading...

Жарыялар