Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?
Кийинки анекдот/апендини оку
30-марттын аба ырайы30-мартта түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, Баткен, Талас облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -1...-3, күндүз 8…13; Талас жергесинде түнкүсүн -2...-4, күндүз 6…11; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 4…9; Нарын облусунда... 29.03.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31775577.html |
Loading...
|
Жарыялар |