Кыргызча анекдот / апенди:

мен баарын билем!
Бир балакай чоңдордун баарында эч кимге айтпаган бир сыры сөзсүз болот деп ойлойт да муну текшерип көргүсү келет. Апасына:
- Апа, мен баарын билем!
Көзү алая түшкөн апасы:
- Түшүндүм. Ме могу 100 сомду ал да, атаңа эч нерсе айтпа!
Кубанычы койнуна батпаган балакай атасына келет да:
- Ата, мен баарын билем!
Коркуп кеткен атасы:
- Болуптур оозуңдан сөз чыкпасын. 200 сомду ал да, апаңа айтчу болбо!
Аңгыча эшикти бирөө кагып калат. Бала эшикти ачса почтальон турат. Анда бала:
- Почтальон байке, мен эми БААРЫН билем!
Почтальон тизелей калып колдорун жая:
- Айланайыным, ырас билген болсоң, келчи атакең сени бир кучактасын!

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.7089.30
EUR94.4095.40
RUB0.9400.970
KZT0.13000.2050

обновление 01.05.2024 08:15:13

Бишкектин таштанды полигону -  бүтпөгөн баш оору

Кыргызстандын баш калаасынын бийликтери санитардык полигондогу таштандыларды сортточу ишкана күзгө чейин курулат деп билдирүүдө. Жума күнү парламенттеги “Элдик” депутаттык тобунун мүчөлөрү бул полигондогу иренжиткен абалды өздөрү  барып көрүштү.


01.04.2022 : www.bbc.co.uk

источник: https://www.bbc.co.uk/kyrgyz/articles/cqvez11x6djo?at_medium=RSS&at_campaign=KARANGA

 
Loading...

Жарыялар