Кыргызча анекдот / апенди:

Бактылуулуктун сыры
Бактылуулуктун сыры

Кичинекей бала үйүндөгү мындай нерсени байкаптыр. Атасын деле апасы башкарат, байкесин караса, байкесин де жеңеси башкарат, туугандарын караса бүт баары эле аялдар башкарат экен. Жалгыз кана чоң атасы чоң энесин башкарат экен.
Бир күнү кичинекей бала келип чоң атасынан сурайт:
- Чоң энем кандай болуп сиздин айткандарыңыздан чыкпай калган?
Чоң атасы болгон окуяны айтып берет экен.
Мен чоң энең менен үйлөнгөндө, айылына барып жүктөрүн ат арабага жүктөп келе жатканда ат мүдүрүлүп кетти.
- Бул бир! деп коюп жолубузга уланттык.
Бара жатканда ат дагы мүдүрүлүп кетти.
- Бул эки! деп жолубузга уланттык
Үчүнчү жолу мүдүрүлүп кетти эле, арабадан түшө калып атты муздап койдум дейт. Ошол кезде чоң энең кыйкырып жиндене баштады
- Бул эмне кылганың, жүктөрдү кантип алып кетебиз, деп
Ошондо
-Бул бир деп айткам, ошондон бери бактылуу жашап келе жатабыз,
Чоң энең бул эки деп айттырбай калган дейт экен

Арадан жылдар өтүп, жанагы кичинекей бала үйлөнөт экен,
Келинчеги кир жууп жаатканда алдынан бир мышык өтө берет экен.
Үйлөнгөн жигит бул бир дейт экен. Мышык дагы өтөт экен, жигит бул эки дейт экен. Мышык үчүнчү жолу өткөндө, бул үч деп туруп мышыкты кармап алып жерге бир чаап өлтүрүп коюп келинчегине карайт экен.
анда келинчеги:
- Мага бул приемун өтпөйт, бул окуяны мен да билем, дейт экен

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.50
EUR95.0096.00
RUB0.9500.990
KZT0.14000.2100

обновление 28.04.2024 03:50:18

Бучадагы кыргын: Орусияга сын күчөдү

Украинанын Буча шаарчасынын көчөлөрүндө жайкын тургундардын сөөктөрү табылгандан кийин Орусиянын дарегине айыптоолор күчөдү. Европа өлкөлөрү орус дипломаттарын өз аймагынан чыгарууда. Москва эч кандай далилдерди көрсөтпөстөн Бучада тартылган сүрөт, видеолорду "чагым" деп мүнөздөп жатат. "Рейтерс" жана "Франц пресс" сыяктуу алдыңкы эл аралык маалымат агенттиктеринин Украинанын Буча шаарчасында тартылган сүрөт, видеолору дүйнө коомчулугун нес кылды. Журналисттер...


05.04.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/buchadagy-kyrgyn-orusiyaga-syn/31787017.html

 
Loading...

Жарыялар