карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Түркияда качкын макамын алган украиндер көбөйдүТүркиянын Миграция департаменти жыл башынан бери мыйзамсыз жүргөн 21 миң качкын өз мекенине депортацияланганын жарыялады. Расмий Анкаранын эсебинде, качкын макамын алган украиналыктардын саны 60 миңге чукулдады. Түркиянын Ички иштер министрлигинин расмий сайтында 17-апрелде чыккан маалыматка караганда, мыйзамсыз жүргөндүктөн депортацияланган 21 миңдей качкындын он миңдейи Ооганстанга, төрт миң качкын Пакистанга жана башка өлкөлөргө кайра кайтарылды. Билдирүүдө мыйзамсыз иммиграцияны... 19.04.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/turkiya-kachkyn-makamyn-algan-ukrainder/31808470.html |
Loading...
|
Жарыялар |