Тиш доктор
Мамыт тиш доктордон аябай коркот экен.
Тиши ооруса да коркуп барбайт экен.
Тиш доктордон коркконун достору баары билет экен.
Бир күнү Мамыттын тиши аябай ооруп, айласы кеткенден тиш докторго барууну чечет экен.
Тиш докторго барып кайтып келе жатса, Мамыттын сүйүнүп келе жатканын достору көрүп сурашат экен:
- Мамыт, сен тиш доктордон коркот элен, мынчалык сүйүнүп келе жатасын?
анда Мамыт:
- Барсам тиш доктор ордунда жок экен...
Кийинки анекдот/апендини оку
Ош: Жапалакта ойрон болгон газ долбооруОш шаардык прокуратурасы Жапалак айыл башкармалыгына газ тартуу боюнча долбоорду териштирүүнү шаардык милицияга тапшырды. Дүйнөлүк банктын 8 миллион акчасы салынып, бирок 15 жылдан бери аягына чыкпай жаткан долбоор тууралуу буга чейин парламентте да сөз болгон. Жалпысынан сегиз чакырым газ кууру тартылган. “Газпром Ош” ишканасы курулуштун сапатсыздыгын айтып, газ куурун толук кандуу ишке киргизүү үчүн дагы 11 млн. сомдой каражат керек деп эсептейт. Ош шаарына караштуу Жапалак айылына газ... 21.04.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/osh-zhapalakta-oyron-bolgon-gaz-dolbooru/31813948.html |
Loading...
|
Жарыялар |