Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
Грузин юстиция министри Саакашвилини жалпы ооруканага которууну сунуш кылдыГрузиянын юстиция министри Рати Брегадзе мурдагы президент Михаил Саакашвилини дарылануу үчүн түрмөдөгү эмес, жалпы ооруканага которууну сунуш кылды. “Жоопкерчиликтүү мамлекет катары биз ар бир кишинин саламаттыгын жана өмүрүн эске алышыбыз керек. Камакта отурган башка кишилердей эле, оорусунун өтүшүп кетишин алдын алуу үчүн Саакашвилини "Вивамед" клиникасына которууну сунуш кылабыз. Ал жактан текшерүүдөн өтүп, зарыл болсо дарыланат”, - деп министр 10-майда айтты. Ушул эле күнү... 10.05.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31842960.html |
Loading...
|
Жарыялар |