Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
"Жамгыр жааса эле таш кулайт". Кошумча жолдогу кырсыкБылтыр күздө ишке берилген Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун бир тилкесинде кооптуу кырдаал жаралып убактылуу жабылды. 7-майда тоодон таш кулап бир автоунааны басып калган. Буга чейин Транспорт жана комуникация министрлиги аталган тилке иш шашылыш бүткөрүлгөндүктөн кемчиликтер бар экенин моюнга алган. 11-майдан тартып Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун 100 чакырымдайы - Жумгалдын Арал айылынан Тогуз-Торонун Казарман айылына чейинки тилкеси бир жумага убактылуу жабылды. Транспорт... 12.05.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/koshumcha-joldogu-kyrsyk/31844472.html |
Loading...
|
Жарыялар |