Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?
Кийинки анекдот/апендини оку
Аксыда сел жүрүп, үйлөрдү суу каптадыБүгүн, 21-майда Аксы районунун Кара-Башат айылында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, айрым үйлөрдү, короолорду суу каптаган. Окуя болгон жерге ӨКМдин райондук бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. 19-майдын кечинде Лейлек районунда нөшөрлөп жааган жаандан улам бир катар айылдарда сел жүрүп, мал жандыктарды агызып, жолдун бир бөлүгүн бузуп кеткен. 18-майда Ош, Баткен,... 21.05.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31861370.html |
Loading...
|
Жарыялар |