Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
Аксыда селге байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяландыӨзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда 21-22-майда нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүргөнүнө байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланганын билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, табыгый кырсыкта алты көпүрө жарактан чыкты, Кашка-Суу, Кара-Суу, Авлетим, Ак-Суу жана Кызыл туу айыл аймактарында 4,5 миң метр жолду суу жууп кетти. Ошондой эле ондогн үйдү, бир социалдык объектини сел каптады. Учурда аймакта селдин кесепетин жоюу, чыгымды эсептөө иштери жүрүп... 23.05.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31863076.html |
Loading...
|
Жарыялар |