карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Түндүк-Түштүк кошумча жолу: таш кулаган тилкенин жанына убактылуу жол салындыТүндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун Арал-Казарман тилкесиндеги таш кулаган жерди айланып өткөн убактылуу жол салынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги кабарлады. Мекеме кан жолду тазалоо иштери кооптуу таштар толук түшкөндөн кийин башталарын билдирди. Учурда жолдун кооптуу тилкелерине тосмо коюу маселелери талкууланып жатат жана жакында ал жерге адистер барышат. Жолдун бул тилкесине 25-майда таштар кулай баштаган жана учурда анын көлөмү болжол менен 10 миң тоннадан... 27.05.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31870861.html |
Loading...
|
Жарыялар |