Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?
Кийинки анекдот/апендини оку
АКШдагы ок атуучу курал жети графикте18 жаштагы америкалык Сальвадор Рамос 24-майда Техас штатынын Ювалд шаарындагы “Робб” башталгыч мектебине куралдуу чабуул жасап, 19 окуучусу, 1 мугалим жана дагы бир кишини өлтүрдү. 27.05.2022 : www.bbc.co.uk источник: https://www.bbc.co.uk/kyrgyz/articles/c3g8x9g7122o?at_medium=RSS&at_campaign=KARANGA |
Loading...
|
Жарыялар |