Кыргызча анекдот / апенди:

Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.

Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы


Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.50
EUR94.4095.40
RUB0.9400.965
KZT0.14000.2050

обновление 29.04.2024 18:00:20

Ак үйдү куруу долбоорун “Кыргызкурулушсервис” мамлекеттик ишканасы жүргүзөт

"Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна түшө турган администрациялык имаратты куруу долбоорун президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыргызкурулушсервис” мамлекеттик ишканасы ишке ашырат. Бул тууралуу маалымат мамлекет башчынын расмий сайтына жарыяланды. Мурдараак президенттин иш башкармалыгынын алдындагы Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча түзүлгөн дирекцияны жоюу чечими кабыл алынганы бегилүү болгон. "Буга чейин эскиздик...


24.06.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31913713.html

 
Loading...

Жарыялар