Орус кыргыздын үйүндө конокто
Бир заманда орус менен кыргыз корүшүп, Орус кыргызча, кыргыз орусча билбейт экен. Бир күнү кыргыз орусту үйүнө коноко чакырыптыр. Орус кыргыздын үйүнө келип дасторкондон эч нерсе жебей отуруптур. Кыргыз "уялбай жей бер" дегенди кандай айтарын билбей,
оруска "ешь, ешь как тебе не стыдно" дептир.
Орус андан сайын эч нерсе жебей, бир ордунда отура бериптир.
Кыргыз ойлоптур "мүмкүн буга кой союп бериш керек деп". Аны кандай айтарын билбей оруска "я тебя как барана зарежу" дептир. Орус ордунан тура салып качып бара жатса. "Ары-бери өткөндө келип тур" дегенди кандай айтарын билбей ,
качып бара жаткан оруска "туда-сюда пройдешь, все равно поймаю" дептир...
Кийинки анекдот/апендини оку
Молдованын президенти Майя Санду Украинага бардыМолдованын президенти Майя Санду дүйшөмбү күнү Украинанын Буча жана Ирпинь шаарларына барды. Ал жерлерде орус аскерлери карапайым элге каршы согуш кылмыштарын жасаган деп шектелүүдө. “Экономикалык жана саясий баа кандай болбосун, биз согушту токтотушубуз, мындай ырайымсыздыктардын кайталануусун алдын алышыбыз керек”, - деп айтты Санду. Президент “согуш алып келген зомбулукту жана кыйроолорду өз көзү менен көргөнүн, аларды сүрөттөө үчүн сөз таппай жатканын” Твиттерге жазды жана украин элине... 27.06.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31917182.html |
Loading...
|
Жарыялар |