Кыргызча анекдот / апенди:

"КУДАЙ БУЮРСА"
Кайсы бир өткөн замандарда такырле Кудайга ишенбеген бир күйөө сөрөй болуптур. Кечки тамак. Аялы аябай берилип манты жасап, 5-10 мүнөт жакшылап бууланып бышсын деп, … өзү дасторконду даярдап кирет. Ангыча ары жактагы күйөөсү дасторконго жетип келип “ай мантың быштыбы,.алпкеле берчи батыраак!!” дейт. Аялы: Кое тур эми кудай буюрса 10 мүнөттө бышып калат” деп жооп узатат. “Эй...апкеле берчи,..кудай буюрса, буюрбаса деле жечү мантыны жей берем,..алып кел эми!” деп ороңдойт күйөөсү. Жолдошунун мүнөзүн түшүнгөн аялы мантыны алып келет, күйөөсү бир мантыны колго алып эми оозго сала берээрде эшиктин конгуроосу шынгырайт да, менттер келип кайсы бир кылмышка тиешеңиз бар экен деп аялдын күйөөсүн ой-боюна койбой алып кетишип, түрмөгө 3 ай жатып чыгат. Түн. Аялы өзү жалгыз үйдө олтурат. Эшиктин конгуроосу угулат. Аял эшиктин жанына басып барып: “Ким бул?” десе, сырттан күйөөсүнүн үнү угулат: Кудай буюрса , мен сенин күйөөң болом...
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.7089.40
EUR95.0095.70
RUB0.9550.970
KZT0.13900.2050

обновление 28.04.2024 02:35:17

Казакстан каржы пирамидасын жарнамалоого кылмыш жазасын киргизет

Казак парламентинин жогорку палатасы каржы пирамидасын жарнамалоо ишмердигине байланышкан мыйзам долбоорун талкуулап, экинчи окууда кабыл алды. Долбоордо андай пирамидаларды түзүү үчүн чараларды күчөтүп, аларды жарнамалагандарга кылмыш жазасын киргизүү каралууда. 15-июнда жобону мажлис жактырган. Финансылык пирамадаларды жарнамалоо үчүн жаза колдонуу чакырыктары белгилүү вайнерлер Mudarabah Capital деген компанияны жарнамалап, анын ээлеринин бири катары киреше алып турганы ачыкка чыккандан...


28.06.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31919398.html

 
Loading...

Жарыялар