"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...
Кийинки анекдот/апендини оку
Жаныбеков: Жайыт комитетине эндикти казууга каршы чара көрүүгө тапшырма берилгенЖогорку Кеңеште Ысык-Көл менен Нарын облусунда жайыттарда, тоолордо эндик казгандар көбөйүп кеткени тууралуу маселе көтөрүлдү. Депутат Мурадил Сыдыков бул өсүмдүктүн тамырын казгандарга эмес, аны сатып алып жаткандарга чара көрүү керектигин билдирди. Мындай көрүнүш айрыкча ушул жылы күчөгөнүн маалымдады. Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков депутаттын суроосуна жооп берип жатып, буга байланыштуу Жайыт комитетине атайын тапшырма берилгенин, кандай чаралар көрүлгөнү тууралуу жакында... 29.06.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31921726.html |
Loading...
|
Жарыялар |