Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.50
EUR94.6095.60
RUB0.9550.975
KZT0.14000.2060

обновление 27.04.2024 12:20:16

Үркүнгө арналган эскерүү жүрүшү өтөт

“Эсимде” изилдөө аянтчасы 1916-жылдагы көтөрүлүш жана Үркүн окуяларына арналган эскерүү жүрүшүн уюштурганы жатканын 4-июлда жарыялады. Жүрүш август айынын биринчи жумасына пландалууда. Анын алкагында катышуучулар 1916-жылдагы трагедияга байланышкан тарыхый жерлерди кыдырышат. Чүй өрөөнүнөн башталган эскерүү жүрүшү Ысык-Көлдүн күңгөйү менен тескейин аралап, Сырт өрөөнүнө, кандуу окуялар болгон, адамдарды атып өлтүрүшкөн, тарыхты баяндаган жазуучулардын китептеринде жазылган жана жергиликтүү...


05.07.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31929319.html

 
Loading...

Жарыялар