Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.50
EUR94.9095.90
RUB0.1380.205
KZT0.94500.9850

обновление 27.04.2024 13:50:17

Улуттук банк: Валюта базарында абал салыштырмалуу туруктуу

Кыргызстандын валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу 6-июлда “Биринчи радионун” түз эфиринде маалымат берип жатып Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди. Анын айтымында, жыл башынан бери улуттук валютанын долларга карата расмий курсу 6,25% бекемделди.   “Биз валюта рыногундагы абалга көз салып турабыз. Ал геосаясаттагы кырдаалга, негизги соода өнөктөшүбүз болгон өлкөлөрдөгү абалга, накталай эмес доллардын агымына байланыштуу болууда”. Доллардын курсунун...


06.07.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31930931.html

 
Loading...

Жарыялар