Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD89.1089.72
EUR96.5097.50
RUB0.9901.015
KZT0.13500.2050

обновление 29.01.2024 08:40:21

Иранда имараттын урашы боюнча 20 киши айыпталды

Иранда ондогон адамдын өлүмүнө алып келген жана ири нааразылык акцияларына себеп болгон имараттын урашы боюнча окуяга байланыштуу 20 кишиге айып тагылды. “Фарда” радиосу кабарлагандай, алардын үстүнөн соттук кароо башталды. 23-майда Абадан шаарындагы курулушу толук бүтө элек он кабаттуу имарат урап түшкөн. Башында 20 киши набыт кетип, кырктайы жараат алганы кабарланган. Урандылардын астынан дагы сөөктөр табылып, өлгөндөрдүн саны 43кө жетти. Бул кырсыктан кийин тургундар нааразылык...


21.07.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31954053.html

 
Loading...

Жарыялар