Кыргызча анекдот / апенди:

карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.40
EUR94.5095.50
RUB0.9400.965
KZT0.14000.2050

обновление 29.04.2024 23:20:13

Евробиримдик Орусияга айрым товарларды жеткирүүгө уруксат берди

Европа Биримдиги (ЕБ) Орусияга салган санкцияларынын жетинчи пакетинде авиация тармагындагы тейлөөгө жана айрым товарларды жеткирүүгө тыюуну алып салды. Бул тууралуу ЕБдин Кеңешинин билдирүүсүндө айтылат. Документте ICAO (International Civil Aviation Organization) – Эл аралык жарандык авиация агенттигинин коопсуздук стандарттарын камсыздоо үчүн зарыл болгон нерселерди Орусиянын учактарын тейлөө үчүн жиберүүгө уруксат берилери көрсөтүлгөн. Бирок кайсы тетиктерди ташууга тыюу алынганы так...


21.07.2022 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31954103.html

 
Loading...

Жарыялар