Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.50
EUR94.6095.60
RUB0.9400.965
KZT0.14000.2060

обновление 30.04.2024 11:35:18

Батыш Фракия түрктөрүнүн лидери: Д-р. Садык Ахмет

Доктор (Д-р) Садык Ахметтин Батыш Фракиядагы азчылыктын укуктарын коргогон Лозанна тынчтык келишиминин 73 жылдыгында 1995-жылдын 24-июлунда шектүү жол кырсыгында каза болушунун 27 жылдыгы.


24.07.2022 : www.trt.net.tr

источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/turkiia-1/2022/07/24/batysh-frakiia-turktorunun-lidieri-d-r-sadyk-akhmiet-1858723

 
Loading...

Жарыялар