апенди
Апендинин барбаган жери, кылбаган иши жок эмеспи. Анын сыңарындай апенди АКШда МАИде иштеп калат экен. Кечке турса да эч кимге штраф жаза албайт дейт. Иш убактысы бүтүп, эми кетейин деп жатса, жолдон велик минген бирөө баратыптыр.Апенди аны токтотуп: "Сага штраф жазам" десе, тиги: "Жок, мага штраф жаза албайсың. Себеби, мен попмун.Бир далымда Мариям эне, бир далымда Иса ата бар" дептир. Анда апенди: "Омееей, жол эрежесин даана силер бузган турбайсыңарбы. Беш жүз доллар штраф жазам. Себеби, бир великке үчөөңөр минип алыпсыңар" деген экен.адыл
Кийинки анекдот/апендини оку
CNN: Орусия Судандан жашыруун жолдор менен алтын ташып жататОрусия Африкадагы Судан мамлекетинен башка товардын атын жамынып, алтынды тымызын экспорттоп жатканын CNN жазды. Аталган телеканалдын иликтөөсүндө Орусия алтынды момпосуй деп алып чыгып жатканы айтылган. Жалпысынан акыркы бир жарым жыл ичинде Судандан Орусияга алтын жүктөлгөн кеминде 16 учак жөнөтүлгөн. Булактардын айтымында, көмүскө схемага Судандын аскерий жетекчилиги көмөк көрсөткөн. Мунун айынан өлкөгө жүз миллиондогон доллар киреше түшпөй калган. CNN белгилегендей, Судандын аскерий... 31.07.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31967394.html |
Loading...
|
Жарыялар |