Адвокат
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
- Ал иттин ээсин билесизби?
- Ооба.
- Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким?
- Ал сиздин итиңиз болчу...
- Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
- 3 кг. 450 сом болот...
- Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?
Кийинки анекдот/апендини оку
Кубат Оторбаевдин ыр жыйнагы жарык көрдүБүгүн 5-августта журналист жана акын Кубат Оторбаевдин "Гүлдөр күтөт" аттуу китеби жарык көрдү. Таратылган маалыматка караганда, жыйнакка ата мекен, эл-жер, тагдыр-өмүр, дүйнөнүн миң кырдуу кайталангыс керемети, махабат, жаштык жөнүндө философиялык мазмундагы ырлар жана казалчы Казыбек Мамбетимин уулуу тууралуу поэма кирген. "Гүлдөр күтөт" - автордун алгачкы китеби. Рецензенти Кыргыз Республикасынын эл акыны Акбар Рыскулов. Баш сөзүн Эл акыны Кожогелди Култегин... 05.08.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31975508.html |
Loading...
|
Жарыялар |