"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...
Кийинки анекдот/апендини оку
Украина портторунан дан жүктөгөн кемелердин экинчи кербени жөнөдүУкраин портторунан дан жүктөлгөн кемелердин экинчи кербени 7-августта жөнөп кетти. Инфраструктура министри Александр Кубраков билдиргендей, төрт кемеге 170 миң тоннадай буудай жүктөлгөн. Италия, Кытай жана Түркияга багыт алган кемелердин үчөө Черноморск портунан, бирөө Одесса портунан чыгып кетти. 5-августта 80 миң тонна жүгөрү жүктөлгөн үч кеме Кара деңиз аркылуу жөнөп кеткен. Украин буудай экспорту боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Орусия Украинага кол салган февраль айынан бери... 07.08.2022 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31977449.html |
Loading...
|
Жарыялар |